Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

УКМК Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Разия Уметова тууралуу комментарий берди


Нурлан Уметов.
Нурлан Уметов.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын тургуну Разия Уметовага байланыштуу комментарий берди. Анда анын 1992-жылы туулган баласы Нурлан Уметов алгач Орусияга кеткенин, андан ары Сирияга барып ал жакта куралдуу жаңжалда мерт болгонун билдирген.

"Аны мурда ички иштер органдары кылмыш жоопкерчилигине тарткан жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Уметов Орусияга мигрант катары кетип, ал жерде 2014–2015-жылдары "Катиба Имам аль-Бухари" эл аралык террористтик уюмунун өкүлдөрүнө азгырылган. Андан кийин ал Түркияга барып, ал жерден Сириянын Идлиб провинциясына жетип, аталган уюмдун мүчөлөрүнө кошулган. Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Уметов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышып жүргөн маалда каза болгон. Ал 2016-жылдан бери Кыргызстандагы туугандары жана тааныштары менен байланышын үзгөн. Уметов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынган. Мындан улам УКМК жарандарды тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдардын азгыруу аракеттерине алдырбоого чакырат",-деп жазылган маалыматта.

"Азаттык" Разия Уметова Сирияга кеткен уулун издеп келерин 2023-жылы жазып чыккан. 1992-жылы 3-августта туулган Нурлан Уметов мектепти бүткөн соң аскерге чакырылып, чек арада кызмат өтөгөн. Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин 23 жашында Москвага иштегени кеткен. Көп өтпөй андан апасына кечирим сураган билдирүү келген. Уметова уулун издеп Түркияга чейин барып келгенден кийин баласынын дайынсыз болуп жатканын, Сирияга кирип кеткенин УКМКга кабарлаган. Издөөгө жардам берүүнү өтүнүп Кызыл ай коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнө кайрылган.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги исламчыл топторго кошулуп кеткен Сирия менен Ирактан 700дөй аял жана балдар алынып келгенин жарыялаган. Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 79 баласы 2021-жылы "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Бишкекке жеткирилген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG