Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

"Кыргызстан өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес". Конституциялык сот эмне дейт?


Конституциялык сот
Конституциялык сот

мазмуну

  • Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш Конституциялык сотко түштү. Мекеме “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду бериши керек.
  • Быйыл сентябрда 17 жаштагы окуучу кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн.
  • Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирген.

Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди.

Сунуш түштү, Конституциялык сот корутунду бериши керек

Мекеме мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталганын түшүндүрдү.

"Бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык, укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган. Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда", - деп жазылган маалыматта.

Эми Конституциялык сот сунушталган мыйзамдын долбооруна өзүнүн корутундусун бериши керек. Ал качан жарыяланары так айтыла элек. Андан кийин гана документ Жогорку Кеңешке талкууга кетет.

Сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя коомду солк эттирип, ошондон кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары президенттик администрация даярдаган долбоорду талдап чыккандан кийин өлкөгө өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан алган бир катар эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдиришкен.

Өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдиргендердин басымдуу бөлүгү муну өлкөдө сот системасынын, сот адилеттигинин жана тергөөнүн чабалдыгы, көзөмөлдүн жетишсиздиги менен байланыштырууда.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков өлкөнүн тергөө жана сот органдарынын абалына карап чечим кабыл алсак деген пикирин “Азаттыкка” айтты:

Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

"Жеке пикиримде, тергөө органы талкаланып калгандай, абдан чабал. Биздин мыйзамдарда көрсөтүлгөн далилдерге баа берүү дегенди деле жакшы билбей жатышат. Биздин сотторду дагы жамандагым келбейт, мен деле ошол системада иштеп келдим да, бирок арасында алсызыраак судьялар бар. Убагында мен дагы керек деп ойлочумун. Себеби жаш балдарды зордуктаган акмакчылык болуп жатат. Ошондойдо мыйзам керек, бирок азыр ага даярдык зарыл. Ал эми тергөө органдарына баягы эле ыкчам кызматкерлер алып келет, алар деле кыйраткан эч нерсеси жок. Бизде өлүм жазасын киргизүү үчүн сапаттуу тергөө органы, сапаттуу сот системасы, судьялар болушу шарт. Көзөмөл деген жакшы болуш керек, прокуратура оозун ачып жүрбөш керек. Көзөмөл ошолордун мойнунда, алар кылмышы болсо дагы, болбосо дагы сотко өткөрөт да, соттон өтүп кетсин деген мамиле болот. Ошондуктан ушунун баарын даярдагандан кийин мыйзамды күчөтсө туура болот. Анткени баягыдай кылмышкерлерге катуу жаза колдонбосо болбойт. Ошондуктан соттук-укуктук реформа деп айтканбыз. Мында сотко эле тиешелүү деп ойлошкон, бул бардыгына тийиштүү болчу. Прокуратура деле тергөөгө, ыкчам иштерге кызыгат, көзөмөл деген абдан күчтүү орган болушу керек".

Кыргызстандагы жоюлуп кеткен Кыйноолорду алдын алуу борборун жетектеп турган укук коргоочу Бакыт Рысбеков бул маселенин себептерин жана кесепетин анализдеп чыкмайынча өзгөртүүлөрдү кабыл алуу опурталдуу болорун белгилеп жатат:

Бакыт Рысбеков
Бакыт Рысбеков

"Биздин тергөө, сот, соттук-медициналык экспертизанын бардыгы дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган учурда дагы бүгүнкү күндө туура эмес болуп калат. Себеби өнүккөн мамлекеттерде дагы соттук каталар кетет. Бул демилге үрөй учурган кылмыштар катталгандан улам келип чыгууда. Учурда кылмышкердин мурдагы ишине байланыштуу судья, прокурор, жактоочу тергөө изоляторуна камалды, бул бир гана учур болуп жатат. Андай иштер өлкө боюнча канча экени белгисиз. Эгер кылмыш кылган адам толук жазасын өтөсө, өмүр бою камалса же көзөмөл катуу болсо, кийинки кылмышка бармак эмес".

Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлүм жазасын киргизүүгө каршы экенин билдирип, бул балдарга жана аялдарга жасалган кылмыштарга байланыштуу маселени чечпей турганын айткан.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 30% көбөйүүдө. 2024-жылдагы кайрылуулардын 64,1% сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгону белгиленген.

Мындай эң катаал жазаны киргизүүгө каршы пикирин билдирген укук коргоо уюмдары өлүм жазасынын ордуна кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө, анын ичинде кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды ачууну, тиешелүү кызматкерлерди окутууну, укук коргоо органдарындагы катачылыктар үчүн сөзсүз жоопко тартууну, кылмышкерлерге жасаганына жараша оор жаза берүүнү жана башка чараларды сунуштаган.

"Даярдыгыбыз жок, бул саясий чечим"

Зомбулукка кабылган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз-келиндердин жакындарынын укугун коргоп жүргөн адвокат Индира Саутова азыр Кыргызстан өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес деп эсептейт:

Индира Саутова
Индира Саутова

"Азыр өлүм жазасын киргизсек башка нерселерге дагы эшикти ачып коёбуз. Өлүм жазасына даярдыгыбыз жок, бул саясий чечим болуп атат. Учурда аялдар менен балдардын укугун, коопсуздугун сактоо максатында коомчулуктун талабы деп жатпайбы. Президент ушуга реакция берди да. Биз факультативдик протоколго дагы мүчөбүз, аны ратификация кылганбыз. Ошондуктан артка кадам таштаган болобуз. Экинчиден, сот системасы дагы азыр даяр эмес. Мен ошол кишилер менен көп иштеп жатып алар жазасыз калгандан улам кылмыштар көбөйүп жатат деп айтат элем. Азыркы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жетиштүү болот деп ойлойм. Андай кылмыш кылгандарга мунапысты жойсун, тергөө абагында отурган 1 күнүн 2 күн деп эсептегенди жойсун. Ушундай аспектилер боюнча өзгөртүү киргизүү жетиштүү деп ойлойм".

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Ашимова балдарга каршы жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарга өлүм жазасын колдонууну колдойт. Ошол эле учурда жазаны дароо ишке ашырбай, анын мөөнөтүн белгилөө зарыл деп эсептейт:

Динара Ашимова
Динара Ашимова

"Ушундай зарылчылык бар. Анткени коркунучтуу өлкө болуп кеттик. Бирок соттун өкүмүн дароо аткарбай, ага мыйзам менен мөөнөтүн бекитип койгон туура деп ойлойм. Мисалы, соттун өкүмүн, балким, 10 жылдан кийин аткарыла тургандай кылып. Анткени жаңы жагдайлар чыгып, ал кылмышты башка адам жасап калышы мүмкүн, ушундай учурлар деле болуп калышы ыктымал да. Өмүр бою абакка кесүү деле жетишсиз болуп калып жатат", - деди экс-депутат.

17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен киши колдуу болгондон кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. Ал маселе эл менен кеңешилип чечилерин, жазанын эң катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдар, аялдар зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн учурлар көбөйгөнүн белгилеген.

Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

"Мыйзамдын долбоору - Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек", - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлигинин өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгеси эл аралык коомчулуктун кескин реакциясын жараткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракеттерин токтотууга чакырып, мындай кадам эл аралык укукту бузарын эскерткен.

  • Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыраткан жазага алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG