Алардын бири Айгүл Карабекова БШКны сотко берерин билдирди.
№13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган соң, бул округдагы 14 талапкердин баары тең кайра шайлоого катыша албай турганы белгилүү болду. БШКнын мындай чечимине нааразы болгон талапкер Айгүл Карабекова чечимди сотко берерин билдирди.
“Мен БШКнын чечимин сотко берем. Кимдир бирөөнүн айыбынан бизди четтеткени туура эмес деп ойлойм. Биз өзүбүз деле түшүнбөй, дендароо болуп калдык. Сотко берем. Кимдир бирөөнүн 35 даана телефону бизге караштуу эмес да. Бул жерде 100 пайыз айтылып жатат го Сыдыковдуку деп. Бизге арыз түшкөн жок, эмне үчүн биз? Мен бир дагы жерде мыйзамды бузган жокмун”.
Карабекова аталган округдагы аялдарга ыйгарылган квота боюнча эң көп добуш алган.
Бул округда талапкер болгондордун дагы бири Мунара Маматалиева да БШКнын чечимин сындап, сотко даттанарын айтып жатат. Биз аны Борбордук шайлоо комиссиясынын короосунан кезиктирдик. Ал талапкерлердин жапырт четтетилишин шайлоочулардын укугун тебелөө катары баалады.
“Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, иш-аракети шайлоону жокко чыгарууга негиз болгон гана талапкерлер четтетилиши керек эле. Тилекке каршы БШК 14 талапкердин баары катыша албайт деген чечим чыгарды. Бул жерде талапкерлердин гана эмес, миңдеген шайлоочулардын да укугу бар да”.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов талапкерлер мыйзам чегинде шайлоодон четтетилгенин айтууда.
Ал добушканаларда көзөмөл камералары орнотулгандан сырткары шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү, жарандардын эркин добуш берүүсүн чектөө, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу сыяктуу бир нече мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
“БШКнын токтомун сот органдары жокко чыгарышы мүмкүн. Эгерде ошол 14 талапкердин кайсы биринин мен айтып өткөн мыйзам бузууларга тиешеси болбосо, анда алар укугун пайдаланып, БШКнын токтомун жокко чыгарышы мүмкүн. Биз баары катышпасын дедик. Конституциялык мыйзамда так норма бар: добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз болгонго тиешеси бар деген. Биз тиешелүү органдарга бердик”.
Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоодогу мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу аракеттерине катуу чаралар аркылуу гана тыюу салынат деп эсептерин буга чейин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирген:
"Бул жерде бир талапкер орнотту деп аныктаган жокпуз. Ошондуктан бардыгы боюнча чечим кабыл алдык. Коомдо ар кандай пикир боло берет. Эл, баарыбыз, мына мамлекет башчысы, укук коргоо органдары, Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрдагы шайлоону таза, ачык-айкындуулук менен атаандаштыкта өткөрүүгө аракет кылдык. Кээ бир добуштарды сатып алууга, мыйзамсыз иштерге талапкерлер жоопкерчиликтүү болушу керек. Эл акча сурап атат деген нерселерди айтпашы керек. Бул видеокамералар шайлоочулардын келишин эле эмес, сырттагы мыйзамсыз иш-аракеттерин камералар аркылуу көзөмөлдөп турабыз деген максатта коюлганы анык болуп турат. Ошондуктан биз мындай чечимге бардык. Шайлоо жакшы өттү, бардык шарттар түзүлүптүр деп утулган талапкер деле, оппозициялык маанайдагы саясатчылар деле айтып атышты. Бирок добуш сатып алуу деген балээни кандай токтотобуз деген суроолорду коюп атышты. Ушундай чараларга барганда гана токтойт. Катуу чараларга барышыбыз керек, добуш сатып алууга тиешеси бар, мыйзамсыз иш-аракеттерге барган деген талапкерлерге чечим ушундай болушу керек. Мен муну туура көрдүм, макул деп добушумду бердим".
Ошентип жыйынтык жокко чыккан учурда кайра шайлоого мыйзам бузган талапкердин гана катышуусуна чектөө коюлушу керекпи деген суроо ачык турат.
Узарбек Жылкыбаев "Азаттыкка" маегинде: "Аймактык шайлоо тилкелерине камералар орнотулган. 13-округ боюнча жалпы камераларды алып келип караганда 35 добушканада ушундай жагдай болгон экен. Бир талапкердики, мунуку же тигиники деген маалымат жок, ошондуктан бардык талапкерлерге карата чечим кабыл алдык", - деп жооп узатты.
13-округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыккандан кийин социалдык тармактарда ар түрдүү тасмалар жарыяланып, айрым талапкерлер башка округдарды да текшерүү керектигин айта баштады.
Юрист Таалайгүл Токтакунова БШКнын талапкерлердин баарын четтеткен чечимин туура болгон деп эсептейт.
“Конституциялык мыйзам бар. Бул жерде так жазылып турат: кайталап шайлоо качан болот, кимдер катыша алат, кимдер катыша албайт. Бул жерде 35 добушканада мыйзамсыз аракеттер чыгып жатат. Эгер тилкелердин бирден үч бөлүгүндө шайлоо жыйынтыгы туура эмес деп көрсөтүлсө, анда баарында туура эмес деген чечимге келиш керек. Бул жерде БШКнын чечими туура”.
Шайлоо күнү, 30-ноябрда №13 округдагы №2410 шайлоо тилкесинде үкөктүн так үстүнө телефонду илип, добуш бергендер камерага тартылып жатканы боюнча видео тараган. “7-канал” добушканада шайлоо күнү тартылган видеону жарыялаган. Анда добушканада бюллетендерди салуучу үкөктүн үстүнө илинген телефонду көрүүгө болот.
Кийинчерээк облустук милиция аталган шайлоо тилкесинде Сыдыковдун өкүлдөрү эсептөө үкөктөрүн видеокамерага тартып жатканы аныкталганын билдирген.
Видео тартып жаткан кишиге жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айтканын көрүүгө болот. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай, илип коюшканын” билдирген. Мындан кийин шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тартылган.
Боршайком 3-декабрдагы жыйынында шайлоо күнү бул округдагы 35 добушканага видеокамералар коюлуп, шайлоочулар көзөмөлдөнүп турганын, бул добуш берүүнүн купуялуулугун бузарын маалымдаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таап, 30-ноябрдагы шайлоодо ат салышкан 14 талапкердин баары тең кайра шайлоого катыша албай турганын жарыялаган.
Талапкер Бактыбек Сыдыков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал социалдык тармактагы баракчасына 4-декабрда жазган постунда өзүнө карата айтылган дооматтарды каралоо деп сыпаттаган. Шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылышына атаандаштарын айыптап, бирок эч кимдин ысымын атаган эмес:
“Мен да элиме, мамлекетиме кызматымды улантуу үчүн бул жарышка катыштым. Күрөш таза жана калыс болду. 19 миңден ашуун добуш алып, жалпы өлкөдө эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып, жеңишке жеттим. Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти. Кыргызда "кыңыр иш кырк жылда билинет" деп айтылат. Мен чындык сөзсүз айтылат деп ишенем, ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет", - деп жазды Сыдыков.
Ноокен районунун жана Базар-Коргон районунун бир бөлүгүн камтыган №13 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттин сегизинчи чакырылышына депутат болуу үчүн 14 талапкер ат салышып, баштапкы эсептерге ылайык эркектерден Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, аялдардан Айгүл Карабекова алдыга чыккан. Аталган округда 160 миң 340 шайлоочу катталган, шайлоо күнү 94 добушкана ачылган.
- Буга чейин ИИМ жалпысынан 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.
- БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 14-декабрга чейин жарыялашы керек.