Өзбекстанда үч жылда чет жактагы согушка катышуу боюнча 338 кылмыш иши козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 2022-жылдан тартып өлкө аймагынан тышкары куралдуу жаңжалдарга катышкан адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (жалданмачылык) боюнча 338 кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Мамлекеттик коопсуздук кызматынан (МКК) алынган маалыматка таянып жазды.

Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, бул беренелер боюнча 2022-жылы 19 иш, 2023-жылы 68 иш, 2024-жылы 112 иш, 2025-жылы 139 иш козголгон.

Мекеме билдиргендей, бул адамдар диний-экстремисттик же эл аралык террордук уюмдарга, ошондой эле чет элдик аскер түзүмдөрүнө байланыштуу топторго жалданып кошулган. Алар кайсы куралдуу жаңжалдарга катышканы так айтылган эмес. Бирок жергиликтүү медиа мурда Украинага каршы Орусия тарапта согушкан жарандарына өкүмдөр чыкканын кабарлап келген.

Өзбекстандык канча жаран орус армиясынын катарында согушуп жатканы белгисиз. Расмий бийлик мындай маалыматты жарыялаган эмес.

Украинанын “Хочу жить” аттуу мамлекеттик долбоору 2025-жылдын октябрь айында эң аз дегенде 2 715 өзбекстандык Украинага каршы согушкан же согушуп жатканын билдирген. Долбоордун эсебинде, 2023-жылы Орусия тарапта 498 өзбекстандык, ал эми быйыл алгачкы алты айда дээрлик 1300 адам согушкан.

Кыргызстанда дагы Украинада орус армиясынын катарында согушкан бир нече адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Дагы караңыз

УКМК Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Разия Уметова тууралуу комментарий берди Садыр Жапаров Шахбаз Шариф менен Пакистандын деңиз портторун пайдаланууну сүйлөштү Скрипалдын иши: Британия Орусиянын Чалгын башкармалыгына санкция салды