Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05
Биздин тарых

Тайлак - көчмөн элдин чыныгы баатыры

30-июлда Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди. Мааракеге премьер министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов  катышты.​
Президент Алмазбек Атамбаев Тайлак баатырдын 220 жылдыгы байланыштуу кайрылуусунда аны чыныгы баатыр атка татыктуу адам болгон деп белгилеген.

"Тайлак Баатырдын кошууну Теңир-Тоого бастырып кирген Кокон аскерлерин кууп чыккан. Тилекке каршы,  Тайлак Баатыр чыккынчылыктын айынан мерт болуп, Теңир-Тоонун азыркы Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары Кокон хандыгына каратылган.

Жоокер замандагы бир кокту-колоттун же бир уруунун таламын талашкан баатырлардан айырмаланып, Тайлак Баатыр бүтүндөй кыргыз журтунун тышкы чегин жоодон коргогон. Андан тышкары көп сандаган урууларды бириктирген. Тайлак Баатырдын мисалында тарыхый-көркөм фильм тартылат, көркөм-даректүү китептер жазылат деп бекем ишенем. Чынында элеТайлак атабыз жалпы кыргыз элинин Баатыр уулу деген атка татыктуу.

Тайлак Баатырдын өмүрү -  Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү", деп айтылат президенттин кайрылуусунда. 


16x9 Image

Мирлан Кадыров

"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
XS
SM
MD
LG