Нарын облусунан “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 10 окуучу татыктуу болду.
Нарын: мыкты окуучулар сый көрдү
22-июнда мыкты жетишкендиктерди камсыздаган окуучулар үчүн салтанаттуу азем өттү. Салтанатка "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын ээлери, эл аралык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген жана республикалык кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен окуучулар, мугалимдер, машыктыруучулар болуп бардыгы 180 адам катышты.
1
2
Биринчи жолу өткөн бул салтанатты өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты уюштуруп, майрамдык иш-чарага резервдик фонддон 70 миң сом бөлүндү.
3
Нарын облусунан “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын он окуучу алды.
4
Жалпы билим берүүчү уюмдардын «Алтын тамга» аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөрүнүн билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо максатында Билим берүү министрлиги ушул жылы атайын тест уюштурган.
5
6
"Алтын тамга" аттестатына Ат-Башы районунан алты, Нарын шаарынан эки, Кочкор жана Нарын райондорунан бирден бүтүрүүчү татыктуу болду.
7
Көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланып, мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрү флеш-моб уюштурду.
8
9
10
11
12
13
14
15
16
Катышуучуларга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырып, куттуктады.
17
18