Нарын шаарында эл аралык стандарттагы үстү жабык хоккей аянчасынын курулуш иштери башталды. Курулушка 1,4 миллион доллар жумшалат. Бул чыгымды жергиликтүү ишкер Нурбек Ташболот уулу өз моюнуна алган.
Нарын: эл аралык деңгээлдеги хоккей аянты курулууда
1
Хоккей аянтчасы ушул жылдын аягына чейин ишке берилет, бирок курулушу толугу менен кийинки жылы бүтөт.
2
Болочок хоккей талаасына эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, муз үстүндө бийлөө, массалык муз тебүү жана хоккей курстары ачылмакчы.
3
Аянтчанын үстүн жабууга Бишкек шаарынан атайын адистер чакырылган.
4
Учурда аянтчаны куроо иштери аяктады. Курулуштун кара жумуш иштерине жергиликтүүлөр тартылган.
5
Муз аянтчасы быйылча убактылуу суу менен тоңдурулат.
6
Курулушчулар үйү.
7
Жергиликтүү бийлик бул хоккей аянтчасына жерди акысыз бөлүп, эки жылдык салыктан бошоткон.
8
Учурда Нарын шаарында 20 градустан ашык суук болгондугуна карабастан, курулушчулар ишин токтоткон жок.
9
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы акыркы убактарда эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келет.