Тоолуу Нарын өрөөнүндө тоонун түбүнө, коктуга же өзөндүн боюна үй салгандар бир топ. Өкмөттүн аларды коопсуз аймакка көчүрүү аракети да, берген каражаты да түккө арзыбай келет.
Нарын: коктудагы коркунуч
1
Нарын шаардык мэриясы тарабынан бул кооптуу аймактарда жайгашкан үйлөрдү көчүрүү үчүн башка жер сунушталат. Бирок ал жерлер шаар борборунан алыс жайгашкандыктан ал жакка баргандар жокко эле. Андан көрө оңдоо-түзөөгө деп мамлекеттен 50 миң сом алып, өзү жашап жаткан үйүнүн жанындагы тоону корумдап "коопсуз" кылып алгандар көп.
2
3
Жалпысынан Нарын шаарында 19 коктунун ичинде 84 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт.
4
5
Ал эми Нарын шаарында ири жаратылыш кырсыгы акыркы жолу 20 жыл мурда катталып, сел жүргөн.
6
Арасында үйүн бузуп, көчүп кеткендер бар.
7
8
9
10
11
Чоң алыш көчөсүндө жайгашкан үч үй-бүлөнү тамыңарга таш кулайт көчкүлө деп шаардык мэрия небак эле эскерткени менен алар кырсыкка кабылсак, өзүбүз жоопкербиз деп кол коюп беришкенин айтышат.
12
Нарын шаарынын Мазар-Булак аймагында 20 турак үй коктунун ичинде жайгашкан. Алар тоонун так эле түбүндө. Анда жашагандар таш кулайт же тоо урайт деп деле коркушпайт. Корккондору – эшик алдындагы суу. Тынбай аккан суу кышкысын тоң көтөрүп үйлөрүнөн жарака кеткендер бар.
13
14
15
16