Украин делегациясы АКШга аттанды, Путин талабын кайталады

АКШ жана Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү. Флорида, 30-ноябрь 2025-жыл

мазмуну

  • Дональд Трамп Орусия менен сүйлөшүүлөрдү оң баалап, бирок натыйжасы белгисиз экенин айтты.
  • Москва Украинанын аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүүнү талап кылууда, Киев аны кескин четке кагууда.
  • НАТО Украинага жардамын көбөйтүп, 5 млрд долларлык курал берүүнү пландоодо.
Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин төрагасы Рустем Умеров бейшембиде америкалык арачылар менен жолугушуу үчүн Флоридага аттанды. Айрым медиа каражаттары ал Кремлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкууларын жазган.

3-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп өз өкүлдөрүнүн орус президенти Владимир Путин менен кездешүүсүн оң баалап, ошол эле маалда андан майнап чыгып-чыкпасын азырынча билбей турганын айтты:

"Менимче Путин согушту аяктагысы келет. Алар ушундай таасирде калды. Нормалдуу турмушка кайткысы келет деп ойлойм. Чынын айтсам, менимче ал апта сайын миңдеген аскерин жоготуунун ордуна АКШ менен соода кылууну каалайт. Аларда (чабармандарда)Путин келишимге барууну көздөйт деген таасир пайда болду".

Америкалык лидер Путин урушка чекит койгусу келет деген оюн бир нече жолу кайталаганы менен орус президенти “атайын аскердик операциянын” өтөлүнө чыкмайынча согушту улантарын айтууда. Москва кошуна өлкөсүнө каршы ачкан согушту ушинтип атайт.

Дагы караңыз Украина боюнча сүйлөшүүлөр: Орус тарап аймактарга байланышкан маселе козголгонун ырастады

Трамп ошондой эле быйыл февралда колунда көзүрлөрү жок деп украин президенти Владимир Зеленскийге эскерткенин айтып, аны кыйыр сындай кетти.

Расмий маалыматтарга караганда, 2-декабрда Кремлде өткөн беш сааттык сүйлөшүүлөрдөн алгылыктуу майнап чыккан эмес. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков тараптар жер маселесинде мунаса таба албаганын журналисттерге билдирген.

Орусия кошуна өлкөсүнүн басып алган аймактарынын аннексиясын таанууну жана ал жактардан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууда. Киев муну кабыл алангыс деп четке кагууда.

Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Москвага АКШ иштеп чыккан тынчтык планын сунуш кылган. Сөз болгон долбоор Украинанын жана Европанын делегациялары менен Женевадагы жана Флоридадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин өзгөртүлгөн.

Маалымат каражаттары 28 пункттан турган баштапкы документ негизинен Орусиянын позициясын чагылдырганын жазышкан.

Анда асыресе Украина аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүүгө, армиянын санын азайтууга, НАТОго кирүү планынан баш тартууга тийиш деп айтылган.

Дагы караңыз Трамп Украинадагы согушту токтотууга "жакшы мүмкүнчүлүк бар" деп билдирди

3-декабрда Путин Делиге аттанар алдында India Today басылмасына берген маегинде украин аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүү талабын кайталады.

Пландын өзгөртүлгөн варианты шардана кылынган жок. Киевдин өкүлдөрү аны мурдагыга караганда оң баалаган.

"Ушу тапта бардык нерселер натыйжалуу өнүгүүдө. Женевадагы жана Флоридадагы кездешүүлөрдө Украинанын добушун угушту жана эске алышты. Бул абдан маанилүү. Мындан ары да ушундай болот деп ишенебиз. Украинанын кызыкчылыгы эске алынганда гана татыктуу тынчтык орнотсо болот", - деп билдирди 3-декабрда Владимир Зеленский.

Батыштагы айрым маалымат каражаттары менен эксперттер Путин Вашингтон менен Европанын ортосуна чок салуу максатында өзүн “сүйлөшүп жаткандай көргөзгүсү келет” деген комментарийлерди жазып жатышат.

Америка таануучу, талдоочу Антон Пенковскинин пикиринде, Вашингтон тарап өз позициясын негизинен Москванын талабына жараша түзүп жатат:

"Азыркы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар, сыягы, Киевдин тактикалык жана стратегиялык алсыз жактарын эске алууда. Бул жагынан алганда Кремлдин маневр жана жаңы талаптарды коюу үчүн бир топ мүмкүнчүлүгү бар. Балким Трамп жолугушуунун оң жыйынтыгы деп айтканда Кремлдин талаптарын жогорулатпай, болжол менен буга чейинки позицияда калганын кеп кылып жатат".

Дагы караңыз НАТОнун баш катчысы: Украинанын мүчөлүгү бир добуштан жактырылышы керек, андайга жетүү өтө кыйын

Ал арада НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте блок Украинага жардамын көбөйтүп, Орусияга басым кылууну күчөтөрүн билдирди.

Анын айтымында, альянска кирген мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү Киевдин коргонуу дараметин колдоого багытталган программага каражат бөлдү.

Жалпы 4 млрд доллар түшүп, НАТОнун сырткы өнөктөштөрү Австралия жана Жаңы Зеландия да ага салым кошту. Муну менен катар Рютте дагы бир топ аракет көрүлүшү керек деп белгиледи.

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин Украина сөз болгон программанын алкагында 5 млрд долларга курал алмакчы.