БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиядан украиналык балдарды кайтарууну талап кылды

Украина Орусия ага каршы согуш баштагандан бери кеминде 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Орусиядан украиналык балдарды тез арада жана коопсуз шартта, эч кандай кошумча аракетсиз кайтарып берүүсүн талап кылган резолюция кабыл алды. Документти жыйынга катышкан 91 өлкөнүн өкүлдөрү колдоп, 12си каршы добуш берди. Калган 57 мамлекеттин өкүлдөрү добуш берген жок.

Каршы болгондордун арасында Орусиядан сырткары Беларус, Буркина-Фасо, Бурунди, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Иран, Мали, Никарагуа, Нигерия жана Судан бар.

Украина Орусия ага каршы согуш баштагандан бери кеминде 20 миңдей баланы мажбурлап алып кеткенин билдирип келет. Киев ушул күнгө карата алардын 1850сүн кайра мекенине кайтарган.

Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдар Орусияга мыйзамсыз депортацияланганы үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы мартта Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.

Кремль дооматтарды четке каккан.

Дагы караңыз

Мобилдик тиркемелер аркылуу комиссиясыз акча которуу мөөнөтү узарды АКШ 19 өлкөнүн жарандарынын бардык иммиграциялык арызын кароону токтотту Украинанын АКШдагы элчиси Уиткофф менен Умеров Флоридада жолугарын ырастадыКыргыз өкмөтү көмүрдү сыртка ташууга салынган тыюуну дагы алты айга узартты "Крокустагы" кандуу окуяны актоого шек саналып дагы бир тажик жараны камалды УКМК кыргыз-кытай жарандары никелешкен учурлар кескин көбөйгөнүн жокко чыгарды